11.10.2018 11:15

Иракта өлүм жазасына буйрулган кыргыз аялдын туугандары аны сактап калууну суранышууда

Иракта өлүм жазасына буйрулган кыргыз аялдын туугандары аны сактап калууну суранышууда

Иракта өлүм жазасына буйрулган кыргызстандык Асел Асилжан кызынын туугандары аны сактап калууну суранат. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасуловага таянып, 24.kg билдирди.

«ЖМКлардын маалыматына караганда, Ирактын түрмөлөрүндө 3 кыргыз жараны отурат- Асель Асилжан кызы, Зухра Кадирова жана Фатима Маруфжанова. Алар - туугандар. Мага  WhatsApp аркылуу Асел Асилжан кызынын бир тууганы кайрылды. Ал Аселди Кыргызстанга экстрадиция кылып, өлүмдөн алып калууну суранып жатат. Мен мамлекеттик органдарга кайрылдым, жооп күтүп жатабыз», — деген Гүлшайыр Абдирасулова.

Кыргызстандык 3 аял жаш балдары менен Иракта абакта багдад сотунун өкүмүн күтүп отурушат. Аялдарды Ирактын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө жана терроризмге айыптап жатышат.  Алар Жакынкы Чыгышка Ислам мамлекеттик тобуна кирип алган күйөөлөрү менен барышкан.  Сириядагы согушта күйөөлөрү өлтүрүлүп, өздөрү террористтик топтун мүчөлөрү деп айыпталып, камакка алынган.